ЖҮРӨККӨ ЖАКЫН, КЫМБАТ АДАМДАР МЕНЕН ЖАШООДОГУ ЭҢ МААНИЛҮҮ КӨЗ ИРМЕМДЕРДИ БИРГЕ БӨЛҮШКҮҢ КЕЛЕТ.
СИЗДИ БИЗДИН ЖАШООБУЗДАГЫ МААНИЛҮҮ ЖАНА КООЗ ОКУЯНЫН — НИКЕ КЫЮУ КҮНҮБҮЗДҮН КҮБӨСҮ БОЛУУГА ЧАКЫРАБЫЗ.
СИЗДИ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮБУЗДА КӨРҮҮГӨ ЧЫН ЖҮРӨКТӨН КУБАНЫЧТА БОЛОБУЗ.
ш. Ош, кч. Нурматова, 82/9
БИЗ ҮЧҮН СИЗДИН ӨЗ УБАГЫНДА КЕЛИП, БУЛ ӨЗГӨЧӨ КҮНДҮН БАШТАЛЫШЫН БИЗ МЕНЕН БИРГЕ БӨЛҮШҮҮҢҮЗ АБДАН БААЛУУ.
17:00
майрамдын башталышы
16:00
коноктордун чогулушу
Лимон түстүү жана ачык табигый түстөр
Биздин майрамдын түстөрүн колдоп, мисте түстүү, ачык сары, сүт түстүү, крем түстүү, беж же ак түстөгү кийимдерди тандасаңыздар, биз абдан кубанычта болобуз.
Урматтуу коноктор!
Бул күн жеңил маанайга, сулуулукка жана жылуу сезимдерге толушун абдан каалайбыз. Ошондуктан сиздерден бир нече каалообузга көңүл бурууңуздарды өтүнөбүз.
Иш-чаранын форматы — 16+
Сураныч, балдарды үйдө калтырып, бул кечти эс алууга жана биз менен бирге майрамдоого арнаңыздар.
Сиздердин келишиңиздер — биз үчүн эң сонун белек.
Сураныч, салттуу белек баштыктарын жана жоолуктарды алып келбеңиздер.
Биз үчүн эң баалуусу — сиздердин чын жүрөктөн айтылган каалоо-тилектериңиздер, жылмаюуңуздар жана бирге бөлүшкөн бактылуу көз ирмемдерибиз.
Сиздер менен жолугушууну чыдамсыздык менен кутобуз!
Урматтоо менен, Жакыповдордун уй-булосу